Ош шаарынын ыйык Сулайман-Тоосунан башталган сапар Жалал-Абад областында улантылып, андан соң Талас областында “Манас ордо” комплекси менен таанышышты. Ушул эле иш чаранын алкагында Бишкек шаарындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде бейкүнөө шейит кеткен бабаларыбыздын, Кыргыздын залкар уулу Чынгыз Айтматовдун жана Апрель окуясынын баатырларынынын арбактарына арнап куран окушту. Мындай жергебиздин тарыхый, маанилүү жайларына болгон сапардан кийин студенттенр Ысык-Көлдөгү ОшМУнун «Үмүт» пансионатында болуп, эс алып кайтышты.
“Келечектен көптү үмүттөндүргөн окуучуларыбызды достукка чакыруу, элибиздин ыйык жерлери менен таанышуу максатында уюштурулган кербендин алкагында жаштарыбыз, окутуучуларыбыз дем-күч менен кайтышты. "Ынтымак кербенин" уюштурууга моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөт ОшМУнун ректоратына жана профсоюз уюмунае, Түркия Диянет фондуна жана бир топ адамдарга ыразычылык билдиребиз”, -деди “Ыйман” гимназиясынын директору Жеңишбек Элболдуев.