Конференцияны ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, маараке ээсин жамааттын атынан куттуктап, университеттин өсүп-өнүгүүсүнө, жаштардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна кошкон салымы, сиңирген эмгектери жөнүндө сөз сүйлөдү. Ошондой эле профессор Турдумамат Кадыровго ОшМУнун Ардак грамотасын, акчалай сыйлыгын тапшырды жана конференциянын ишине ийгилик каалады.
Конференцияга республиканын бардык аймактарынан белгилүү окумуштуулар, ЖОЖдордун ректорлору, университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышышты.
Жыйында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңеш Усенов Т.Кадыровго “ЖАМУнун Ардактуу профессору” наамын, Ош мамлекеттик юридика институтунун ректору Эгемдерди Токторов “ОшМЮнун ардактуу профессору” наамдарын тапшырышты. Ошондой эле белгилүү окумуштуу тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов жана бир топ окумуштуулар жана коомдук ишмерлер сөзгө чыгып Турдумамат Кадыровдун адамдык бейнесине, билим берүү, илимге кошкон салымдары боюнча баяндап, куттуктоолорун жолдошту.
Пленардык жыйында т.и.к., профессор Ж. Адилбаев “Профессор Т.Д.Кадыровдун өмүр таржымалына сүртүмдөр”, т.и.д., профессор КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти А. Асанканов “Июньские межэтнические конфликты 2010 г. в г. Ош, некоторых районах Ошской и Джалал-Абадской областях глазами различных комиссий” деген аталыштагы баяндамаларын жасашты.
Конференциянын кийинки бөлүгү секциялык отурумдарда уланууда.