Нооруз майрамына карата келген шаар тургундарына ОшМУнун “ОшМУ жазы -2017” таланттуулар фестивалынын гала-концерти, ОшМУнун факультеттер аралык улуттук спорттук оюндар ордо, күрөш, гир көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш мелдештери уюштурулган.
Майрамда ОшМУнун жамаатынан тарых, юридика факультеттери жана политология жана философия кафедрасы тарабынан Алымбек датка эс алуу жайында боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар бышырылып, нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, жалпы калың журттун атынан ак тилектер айтылган. Сүмөлөктөн 21-март нооруз майрмында конокторго ооз тийгизилген.
Жыйынтыгында спорттук оюндардын, “ОшМУ жазы -2017” таланттуулар фестивалынын жеңүүчүлөрүнө ректорат жана профсоюз уюму тарабынан Арсланбапка эс алууга жолдонмолор, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылган.
“ОшМУда кадыр түн” кечесине шаар тургундары, меймандары менен биргеликте ОшМУнун окутуучу, кызматкерлери, студенттери да күбө болуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришкен.