Алгач келген коноктор факультеттин техникалык-материалдык базасы менен таанышып чыгышты, андан соң салтанаттуу жыйын башталып Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы А.Р. Асанов “Бизнес жана менеджмент факультети: кечээ, бүгүн, эртең” деген темада презентация жасады.
“Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиктигинин ОшМУда ачылганына 15 жыл толуп 10 жылдан бери дипломдуу адистер эмгек рыногуна чыгарылды. Адистиктин ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүн бардык тармактан кездештирүүгө болот. Алардын арасында банк филиалдарынын директорлору, жетекчилердин орун басарлары, башкы бухгалтерлер, бөлүм башчылар, жетектөөчү адистер арбын экендиги баяндамаларда айтылып өттү.
Жолгушуунун негизги максаты БжМ факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын ишин активдештирүү жана факультеттин бүтүрүүчүлөрү аркылуу өндүрүш менен байланышты өркүндөтүү, адистерди даярдоонун сапатын, профессионалдык билим денгээлин жогорулатуу.
Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө профессионалдык көйгөйлөр жөнүндө баяндамалар айтылып, суроо-жооп, талкуулар болду. Ал эми факультет менен мыкты кызматташып келген бүтүрүүчүлөргө “Ыраазычылык каттар” тапшырылса, олимпиадалардан жеңүүчү болгон студенттерге ардак грамоталар, дипломдар ыйгарылды.
Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө билим берүү системасында, анын ичинде университеттин, факультеттин, кафедранын өнүгүүсүндөгү жаңылыктар, жетишкендиктер айтылып, талантуу студенттердин концерттик программасы тартууланды.
Жолугушуу Бизнес жана менеджмент факультетинин деканаты, "Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ" кафедрасы жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду.