News

Табият таануу жана география факультетинде ата-энелер менен жолугушуу

Табият таануу жана география факультетинин Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын улук окутуучусу Д.С.Кеңешбаеванын демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Туризм адистигинин МТ9-1-17 группасынын ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда студенттердин катышуу-жетишүүсү жөнүндө куратору тааныштырды. Факультеттин деканы, доцент Т.Мамытов жолугушууда ОшМУдагы болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштырды. Кафедранын башчысы, доцент К.Самиев окуу процессинин жүрүшү, андагы маселелер жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу маалымат берди. Жолугушууга кафедранын мугалимдери катышышты, ата-энелерге окуу планын тааныштырылды жана алардын ой-пикирлерин дагы угушту. Жолугушуунун аяганда факультетке экскурсия уюштурулду.
2674 13:41 08-02-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|