News

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Ренэ Холенштайн жана ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков баштаган ректорат жамааты, медицина факультетинин деканы, доцент А.А. Исмаилов, кафедра башчылары, декандын орун басарларынын катышуусунда Виртуалдык клиниканын ачылуу аземи болуп өттү.

ОшМунун ректору, профессор К.А.Исаков, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Ренэ Холенштайн жана медицина факультетинин, профессору М.А. Арстанбеков тарабынан Виртуалдык клиниканын кызыл тасмасы кесилди.

Аталган клиника ОшМУнун медициналык клиникасынын 4 кабатында жайгашып, ал “Педиатрия”, “Терапия”, “Хирургия”, “Акушердик”, “Гинекология”, “Төрөт бөлүмү”, “Жандандыруу бөлүмү” сыяктуу 12 бөлүмдөн турат. Аталган бөлүмдөрдө симуляциялык (машыктыруучу) препараттар, жогорудагы бөлүмдөргө ылайык адамдын дене мүчөлөрү сыяктуу манекендер, медициналык каражаттар камтылган. “Виртуалдык клиникада” симуляциялык манекендер аркылуу студенттер бардык оруунун белгилерин угуп, көрүп, тапшырмаларды аткарып пайдаланууга болот.

Виртуалдык клиникага жалпысынан Швейцария элчилигинин жана ОшМУнун ички каражатынан 100 миң доллардан ашык каражат сарпталган.

3831 17:04 01-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|