News

Эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Батыш Чех университетинен билимин жогорулатып келишти

Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Чехиянын Пльзень шаарындагы жайгашкан Батыш Чех университетинен билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба топтоп 5-май күнү Кыргызстанга келишти. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков бүгүн аларды кабыл алып, түзүлгөн шарттар жана колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдирешкен студенттерибиздин ойлорун угуп, Батыш Чех менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтык студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк, келечектери үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, ийгиликтерди каалап кетти.

ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болуп, билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышты.

2710 14:37 08-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|