News

2018-жылдын 11-май күнү “Кыргызстан” кинотеатрында индустриалдык - педагогикалык колледждин ОКББТМ кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз журтчулугуна таанымал обончу, ырчы Бабарав

Концерттин ардактуу коноктору КР эл артисти, акын, дастанчы ОшМУнун профессору Жолболду Алыбаев, маданияттын мыкты кызматкери, ОшМУнун доценти Таалай Турдубаев, маданияттын мыкты кызматкери Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын директорунун оорун басары, обончу-аткаруучу Мурат Сыргабаев, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын бөлүм башчысы, республикага таанымал профессионал аккордеонист Ж.Ботобековдор болду. Жолболду Алыбаев, Б.Тургунбаевдин “Унутпаймын” аттуу чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүл чордонунда болду. Таалай Турдубаев сөзү К.Сабыровго таандык, обону Б.Тургунбаевдин “Жаштыкка кайрылуу” аттуу чыгармасын тартуулады, Мурат Сыргабаев акын А.Дегенбаеванын сөзүнө жазылган агайдын “Жаркыным” аттуу чыгармасын жогорку деңгээлде аткарса, Ж.Ботобеков агайдын “Туулган жерге” аттуу аспаптык пьесасын студенттер менен биргеликте ойноп беришти. Ошондой эле, ИПКнын окутуучусу Мааткеримова Тамара автордун “Туулган жерге” чыгармасын жакшы деңгээлде аткарып, студенттерден түзүлгөн эки вокалдык топ агайдын балдарга арналган сөзү А.Кыдыровго таандык “Биздин бакча” жана сөзү С.Жусуевдин “Байчечекей” аттуу чыгармасын аткарышты. Ал эми чыгармачыл концерттин ээси Б.Тургунбаев өзүнүн эң популярдуу обондору болгон “Түнкү серенада”, “Неге түшкө киресиң” жаңы жазылган обондорунан “Табигый сулуу миң көрктүү” аттуу бир канча ырларын аткарып көрүүчүлөрдүн көңүлүн алды. ИПК директору п.и.к. доцент., О.А.Шаимкулов куттуктоо сөз сүйлөп, авторго ийгиликтерди каалап, баалуу сыйлыктарды тапшырып жатып, болуп жаткан иш-чаранын жаштарга тарбиялык мааниси өтө зор экенин белгилеп өттү. Концертте көрүүчү катары белгилүү обончулар, Абдыманап Төрөбеков, Маматмуса Бакировдор келип, андан башка ИПКнын окутуучулар жамааты жана студенттер көңүлдүү эс алып кетишти. Агай өнөрүңүз өркүндөй берсин! Сизге иштериңизге ийглик, үй-бүлөлүк бакыт каалап, сиздин чыгармачылыгыңызга таазим этебиз!
3461 10:45 12-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|