Юридика факультетинде “Дүйнөлүк коомчулукта БУУ нун ролу” деген темада чоң талкуу өткөрүлдү
14:00
10-март күнү юридика факультетинин “Эл аралык укук” кафедрасы 1-2 курстардын студенттери менен Эл аралык коргоого көмөктөш борборунун директору Акылбек Ташбулатов жана Адам укуктары боюнча БУУнун башкы Комиссарынын башкармалыгынын укуктук адиси Захид Мадрахимов “Роль ООН в мировом сообществе” деген темада чоң талкуу өткөрдү. Келген адистер студенттерге көптөгөн кызыктуу видео материалдар, “Адам укугу” боюнча колдонмо китепчелер менен бөлүшүп, интерактивдүү маек-лекция өтүп беришти.
Бул иш чара кафедранын Оштогу укук коргоочу Эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун алкагында өттү.
2197 14:00 11-03-2017