Борбордук Азиядагы Америка университетинин лектору дата-журналистика боюнча семинар уюштурду
11:30
Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 20-декабрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин дата-журналистика боюнча лектору Анастасия Валеева «Дата-журналистикасынын негизги принциптери» деген темада семинар-тренинг өткөрдү.
Семинарга журналистика кафедрасынын окутуучулары, журналистика багытында билим алып жаткан студенттер, ошондой эле журналисттер катышты.
Семинардын жүрүшүндө Анастасия Валеева дата-журналистиканын жаралуусу, анын кыргыз журналистикасындагы орду, маалыматтар базасы менен иштөөнүн, дата-журналистика менен иштөөнүн жолдору боюнча презентация жасап, кеңири маалымат берди. Семинардын катышуучулары кызыктуу баяндамага күбө болуу менен кызыктырган суроолорун беришип, лектордон тиешелүү жоопторду алышты.
1684 11:30 22-12-2017