GIZ программасы тарабынан 4 күндүк семинар башталды
14:13
15-12-2016
5888
Ош мамлекеттик университетинде көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында 14-декабрда «Билим берүүнүн сапатын камсыздоо, сапат маданияты, билим берүү программасынын максаттары жана окутуунун жыйынтыктары» деген аталышта GIZ дин “Кесиптик техникалык билим берүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү” программасы тарабынан семинар башталды.
Семинарга ОшМУнун окуу маалымат департаменинен, медицина, эл аралык медицина факультеттеринин, медициналык колледждердин окутуучулары катышып жатышат.
GIZ программасынын эксперти Г.Р.Дуйшебаева тарабынан өтүлүп жаткан семинар 4 күнгө созулат.