News

“Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, Адилетке үндөгөн” деген темада адабий кече өттү

2016-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын “АДАБИЯТ КҮНҮНҮН” беш жылдык урматына филология факультетинин ЧАЗында “Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, Адилетке үндөгөн” деген темада №2-китепкананын китепканачылары тарабынан даярдалган адабий кече болуп өттү. Адабий кечени ОшМУнун илимий китепканасынын директору Мамбетова Сайраш Сатындыевна ачып берди.Окурмандарды китепти окууга, сүйүүгө чакырды. ОшМУнун магистратура департаментинин директору биология илиминин доктору Т.Т.Жумабаева кыргыз жана дүйнөлүк адабият жөнүндө өзүнүн ойлогон ойлорун ортого салды. Кыргыз тили адабиятын окуутунун методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Т.Жороев Ч.Айтматовдун "Кыямат" романынан “ Жетинин бири“деген темадагы сабакты кыргыз филология жана журналистика факультетинин КЛ(б)-1-16 группасы менен кызыктуу талкуу жүргүздү. Сабак жогорку дэңгээлде өтүп, кечеге келген башка факультеттин студенттери да активдүү катышышты. Студенттер кыргыз,орус, англис, кытай тилдеринде Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча айтып беришти. А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окулду жана обондуу ырлар ырдалды.
3953 09:41 07-12-2016

                 

News

|< >|