News

Памир кыргыздарына жардам берүүгө арналган гуманитардык экспедици

Памир кыргыздарына жардам берүүгө арналган гуманитардык экспедиция 3-октябрдан 11-октябрга чейин уланып, Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагына 8 жүк ташуучу унаа менен 90 тоннага жакын жүк жеткирип ал жактагы боордошторубудан кабар алып кайтты. Экспедициянын башкы максаты болгон гуманитардык жардамдан сырткары, топтун курамындагы дарыгерлер Памир кыргыздарынын ден соолугун текшерип келишти.

Делегациянын курамында ӨКМ, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, өкмөт менен парламент аппараттарынын өкүлдөрүнөн менен кошо Ош мамлекеттик университетинин “Чет өлкөлүк кыргыздарды изилдөө” борборунун жетекчиси Расул Абазбек уулу да сапарда болуп, үстүбүздөгү жылдын февраль айында ОшМУнун жалпы жамааты тарабынан топтолгон гуманитардык жардамды Памирлик боордошторубузга тапшырып кайтты. Мурдагы экспедициялардан айырмаланып, бул жолу Кыргызстандан барган жардам кыргыздардын айылдарына түз жеткирилип, алардын реалдуу турмушун көрүүгө шарт түздү.

Борбордун максатына ылайык, маанилүү миссия бул ал жерде жашаган кандаштарыбыздын балдарынын билим деңгээлин болжолдуу болсо да аныктоо эле. Тилекке каршы, жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес, географиялык-климаттык шарты оор аймакта билимсиздик өкүм сүрөт деп айтса болот дейт Абазбек уулу Р. Айта кетчү нерсе, Афган өкмөтү Улуу Памирге быйыл чакан болсо да оорукана салып берген, жана дагы бир кичинекей мектептин курулушу бүтө элек. Маалыматтарда учурда Улуу жана Кичи Памирди жердеген боордошторубуздун саны 1500 кыргызга чукулдап барат.

9176 17:35 15-10-2016

                 

News

|< >|