News

Кыргыз Республикасынын Конституцияна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоор боюнча коомдук талкуу уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Конституцияна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоор боюнча коомдук талкуу уюштурулду. Талкууга ОшМУнун ректораты, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты.

ОшМУнун юридика факультетинин окумуштуулары, доцент Марат Татенов жана Кымызай Дехкановалар Конституцияга киргизилип жаткан өзгөтүү жана толуктоолор боюнча баяндама жасашты. Анда учурдагы Концтитуцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр ар бир берене боюнча салыштырма таблица аркылуу ачык-айкын баяндалды. Талкуу суроо-жооптор менен коштолуп, кызуу талкууну жаратты.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоор жыйындын бардык катышуучулары тарабынан колдоого алынды.

Кошумчалай кетсек, мындай талкуулар буга чейин университеттин Административдик кеңешинде болуп өтсө, учурда тарбия департаменти тарабынан юрист окутуучулардын катышуусунда бардык факультеттерде да уюштурулуп жатат.

7329 13:34 04-10-2016

                 

News

|< >|