News

ОшМУда Жаныл Жусупжандын тажикстандык кыргыздар тууралуу "Каратегинден кат" даректуу тасмасы көрсөтүлөт

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерттик залында 21-сентябрь күнү саат 13-00дө эл аралык деңгээлдеги журналист, фотограф, документалист Жаныл Жусупжандын "Каратегинден кат" даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Аземде режиссер Жаңыл Жусупжан жана франциялык продюсер катышып, жалпы көрөрмандардын суроолоруна жооп беришет. Тажикстандык кыргыздар тууралуу алгачкы толук метраждуу тасма 2016-жылы жарык көргөн, узундугу 103 мүнөттү түзөт. Жалпы каалоочулар үчүн эшик ачык.

“Тажикстандагы кыргыздар аркылуу сизге, бизге окшогон азчылыктын тагдырын айткым келди. Азыр бүт дүйнө элдери согуштан жана башка себептерден улам жер которуп атат. Бул тема жалпы эле бүгүнкү адамзатына тиешелүү болгондуктан, анын оош-кыйыш жактары, анын артында турган тагдырлар ар бир адамга кызыктуу болсо керек деп ойлоймун”, -деп билдирген Жаңыл Жусупжан “Жаңы Агым” гезитине берген маалыматында.

7706 11:48 20-09-2016

                 

News

|< >|