Магистранттардын бүтүрүү кечеси ОшМУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бүтүрүү салтанатында университеттин ректору Каныбек Исаков жалпы магистранттарды куттуктап, илим жолунда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди багындырууларын каалады жана окууну ийгиликтүү аяктап жаткан 138 магистрантка артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы 389 бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аяктап жатышса, магистартуранын 1-курсун 240 магистрант ийгиликтүү аякташты. Магистратурада жогорку окуу жайды жаңы гана бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдөн тартып улуу муундагы агай- эжекелерибиз да бар. Алардын ичинде мектеп мугалимдери жана директорлору, колледждердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банк кызматкерлери басымдуулук кылууда.