News

Талас мамлекеттик университети ОшМУга ыраазычылык катын жөнөттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору К.А. Исаковго Талас мамлекеттик университетинин ректору А.Ш. Упенов ыраазычылык катын жөнөттү.

Аталган катта “Урматтуу Каныбек Абдуваситович! Сизди жана Сиз жетектеген ОшМУнун жалпы жамаатын “Студенттер- билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалын жогорку деңгээлде уюштуруп, биздин окуу жайдын студенттери менен окутуучуларынын кызматташуусуна колдоо көрсөткөнүңүз үчүн Талас мамлекеттик университетинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Келечекте Ош мамлекеттик университети менен Талас мамлекеттик университетинин кызматташуусуун алкагы мындан ары дагы кеңейип, окуу жана илимий, маданий иштердеги алакалар жогорку деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничтебиз”, - деп айтылат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына арналган «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы уюштурулган. Фестивалдын экинчи күнү республикабыздын жети дубанында жайгашкан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректорлору университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чындаган “Ош декларациясына” кол коюшкан.

Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө иштери камтылган.

13823 11:10 31-05-2016

                 

News

|< >|