News

Искусство факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болду

19-апрель күнү Искусство факультетинде Тарых жана маданият жылына карата бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Айпери Кулбаева, Темир назаров, Жумагүл Райымжан кызы, Надира Сарыкулова мейманга келишти. Искусство факультетинин жолугушуусун ачып берүү үчүн ОшМУнун билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева катышты. Бул жолугушуунун негизги максаты бүтүрүүчүлөрдүн ОшМУ менен болгон байланышын чыңдоо болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө каалоо тилектер жана суроо жооптор берилди. Аягында меймандар үчүн концерттик программа тартууланды, о.э. китеп жана букет гүл тартууланды.
4040 17:42 19-04-2016

                 

News

|< >|