News

ОшМУнун мектептер менен болгон тыгыз байланышынын жыйынтыктары

11-апрель күнү ОшМУнун короосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын алдында түзүлгөн Ноокат районундагы балдардын сүрөт мектеп интернатынын окуучуларынын сүрөт, живопись, скульптура жанрлары боюнча көргөзмөсү болуп өттү. Бул сүрөт көргөзмзсүнүн негизги максаты жогорку окуу жайлар менен орто мектептердин ортосундагы байланышты бекемдөө. Ошондуктан Искусство факультетинин чакыруусу менен Ноокат районундагы балдардын сүрөт мектеп интернатынын директору Иса Алымбеков өзүнүн жамааты менен бирге балдардын чыгармаларын элге тартуулады. Ал мектептин бүтүрүүчүлөрү Искусство факультетине сүрөт мугалим адистигине тапшырышат. Көргөзмөнү ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков ачып берди жана балдарга чыгармачыл ийгиликтерди каалады. Көзгөзмөгө университеттин окутуучулары жана студенттери катышты. бул иш чаралардын баары Тарых жана маданият жылына арналып жүргүзүлүп жатат.
3579 15:23 12-04-2016

                 

News

|< >|