News

Искусство факультетинин окутуучусу Э.Жалаловдун отчеттук концерти болуп өттү

8-апрель күнү Искусство факультетинин окутуучусу жана магистранты Эламан Жалалов өзүнүн отчеттук концертин тартуулады. Концерт музыканын түрдүү жанрларындагы ырлар жана күүлөр менен коштолду. Эламан ОшМунун Искусство факультетин аяктаганына эми 2 жылдын жүзү болгондугуна, жаш экенине карабай өзүнүн обондорун жана ырларын жаратып келет. Концерт ОшМунун чоң залында болуп, анда анын күйөрмандары аябай көп болду. Концерттин жыйынтыгында ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков жана КР эл артисти Ж.Алыбаев куттуктоо сөзүн айтышты. Э.Жалаловго мындан кийинки чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.
2966 08:33 11-04-2016

                 

News

|< >|