News

Медицина факультетинин студенттери Бишкек шаарында өткөн олимпиадага катышып келишти.

Медицина факультьетинин студенттери 1-2-апрель күндөрү Бишкек шаарында, И.К.Ахунбаева атындагы КММАда медициналык окуу жайлардын арасында өткөн Олимпиадага катышып ийгиликтүү кайтып келишти.

Жалпысынан 5 мугалим жана Медицина факультетинин студенттеринен куралган “ 103” курама командасы катышып 2-3 орунду камсыз кылышты.

Мындай Олимпиада биринчи жолу болуп жатат, мындан арыда медициналык окуу жайлар арасында байма-бай өткөрүүнү колго алып жатабыз, бул демилге ишке ашса биздин студенттерибиздин изенип, өнүгүп - өсүшүнө чоң өбөлгө түзгөн болобуз, колдоо көрсөткөн ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков жана факультеттин деканы, профессор М.А.Арстанбековго, кафедра башчыларына, биздин намысыбызды коргоп келген студенттерге терең ыраазычылыгымды билдирем деп кошумчалай кетти Акушерство жана гинекология кафедрасынын, доценти Г.С. Ташиева

3973 14:32 05-04-2016

                 

News

|< >|