News

БиМде Жаштар комитетинин төрагасы шайланды

23-март күнү БиМ факультетинин Жаштар комитетинин төрагасын шайлоо болуп өттү. Төрагалыкка ат салышкан 3 талапкерден ЭБ(б)-1-14 тайпасынын студенти Алишев Кенешбек алдыга озуп чыгып БиМ факультетинин Жаштар комитетинин төрагасы болуп шайланды. Эскерте кетсек, шайлоо эрежеси боюнча Жаштар комитетинин төрагасын факультеттин деканы, ар бир тайпадан экиден өкүл жана экс-төрага шайлайт. Жаштар комитетинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы: 1) Алишев Кенешбек -49 2) Орунбаев Манас -28 3) Айдарбек уулу Назарбек -5
4899 08:48 24-03-2016

                 

News

|< >|