News

Медицина факультетинде бийлердин фестиваль-кечеси өткөрүлдү

Тарых жана маданият жылына карата студенттерди маданий эс алуусун чыңдоо максатында “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу иш-чаранын планынын негизинде медицина факультетинде бийлердин фестиваль-кечеси өткөрүлдү.

Аталга иш чара факультеттин башкы имаратынын алдында болуп, жалпысынан 20 дан ашык группа катышып, кыргыз, орус, араб, түрк, индия,корей жана башка улуттардын улуттук бийлерин жана танго, испан, лезгинка, , ламбада, заманбап, классикалык бал бийи сыяктуу 20дан ашуун бийлердин түрлөрүн сыртта жааган жамгырга карабай жогору деңгээлде аткарышты.

Бий фестивалына факультеттин деканы, профессор Арстанбеков М.А., баштаган деканат жамааты, кафедра башчылары, тайпалардын кураторлору катышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыкты бийлеген тайпаларга грамоталар, кызыктыруучу белектер тапшырылды.

4345 12:40 19-03-2016

                 

News

|< >|