News

Искусство факультетинин студенти Турдубаева Айтурган ОшМунун атуулдук стипендиясына ээ болду.

18.12.15. ОшМУда жылына бир жолу атуулдук стипендия берилет. Бул стипендияга жетүү үчүн студент эң мыкты окуп, коомдук иштерге активдүү катышуу менен өзүн үлгүлүү көрсөтүүсү зарыл. Себеби, жылына 5 студентке гана берилет, өлчөмү 100 доллар бир жыл ай сайын берилет. Ошондой стипендияга Искусство факультетинин эң мыкты студенти Турдубаева Айтурган татыктуу болду. Мындан кийин да чоң ийгиликтерге жетишине жалпы жамаат тилектештигин билдирет.
2850 09:01 25-12-2015

                 

News

|< >|