IV Аймактык ЖОЖдор арасында өткөн олимпиадага медицина факультетинин Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары даярдаган студенттер химия-биология предметтери боюнча (профилдик эмес) катышты.
Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп жыйынтыгында ОшМУнун медицина факультетинин 1-курсунун студентти Нурланбек кызы Биназира химия предмети боюнча I орунду ээледи. Илимий жетекчиси Омурзакова Г.Г.
Ал эми биология предмети боюнча 1-курстун студентти Турганбаева Хуршида III орунду камсыз кылды. Илимий жетекчиси Жээнтаева Ж.К.
Медицина факультетинин профессордук окутуучулук жамааты жогоруда аты аталган мугалимдерди жана студенттерди ийгиликтүү жетишкендиктери менен куттуктайт.