News

ОшМУнун окурмандарына жаңылык

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата университеттин илимий китепканасында студенттерди тейлөөдө ыңгайлуулук жаратуу максатында бейджик менен тейлөөгө өтүштү.

“Мааракени утурлап биз илимий китепканада ар бир кызматкерге аты-жөнү, кызматы жазылган бейджик даярдап бердик. Бейджиктерибиз кызыл, жашыл, көк түстө болуп, кызыл түстөгү бейджик - бөлүм башчы, башкы китепканачы жана директорго, жашыл түс- улук китепканачыларга, көк түс- китепканачыларга арналып чыгарылды. Анткени көпчүлүк китеп окурмандары, студенттер китепканачыларга тейлөө учурунда аларга кайрылуудан кыйналышат. Биз бул ыңгайсыздыкты жөнгө салуу үчүн ушул нерсени иштеп чыктык”, -деди ОшМУнун илимий китепканасынын директору Сайраш Мамбетова.

6865 15:34 29-09-2014

                 

News

|< >|