Жанылыктар

“Билим” лицейи, “Ыйман” гимназиясында “Акыркы коңгуроо” кагылды

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 25-май күнү «Билим» лицейин жана “Ыйман” гимназиясынын “Акыркы конгуроо” аземдери болуп өттү.

Салтанаттуу аземге окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, окуучулар катышышты. “Акыркы конгуроо” аземинде бүтүрүүчүлөрдү ректор Каныбек Исаков куттуктап, алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, тилек кылган жогорку окуу жайларына өтүү менен ата-энелеринин ишеничин актаган мыкты кесип ээлеринен болууларын каалады.

Салтанаттуу аземде акыркы крңгуроо кагылып, мыкты окуган окуучуларга, ата-энелерине мактоо баракчалары тапшырылды. Кечелер концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы «Билим» лицейин 53 окуучу, “Ыйман” гимназиясын 18 окуучу аяктап жатат.

4039 14:30 26-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|