Жанылыктар

ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТИКТЕРДИН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан 22-май күнү “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктеринин мамлекеттик жаңы стандарттарын жана окуу пландарын талкулоо боюнча тегерек стол уюштурулду.

Жыйынга шаардан жана райондордун мектеп директолору, мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын директорлору жана окутуучулары катышты.
Тегерек столду Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору п.и.к. доцент Олжобай Шайимкулов ачып берди. “Орто кесиптик билим берүүнүн методикасы жана теориясы” кафедрасынын башчысы, доцент Кадырберди Байгазиев “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин жана “Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы” кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтайым Умурбекова “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин “Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын жана окуу пландарынын бүгүнкү абалы” жөнүндө баяндама жасашты.
Баяндамалар катышуучулар тарабынан талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар адистиктердин стандарттары жөнүндө пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.

3312 00:10 25-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|