Жанылыктар

ОшМУ менен Иран Ислам Республикасындагы ЖОЖдор менен кызматташат

Ош мамлекеттик университетинде 26-апрель күнү Иран киносу күндөрүнүн ачылышы болду. Салтанатка Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани, элчиликтин маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Али Хакимпур баштаган делегация катышты.

Ачылыштын алкагында Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков эки тараптуу билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Эми түзүлгөн келишимдин алкагында ар жылы ОшМУнун 10 студенти Иран Ислам Республикасындагы ЖОЖдордон окуп келүүгө мүмүкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле биргелешип изилдөө долбоорлору, академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кызматташуу маселелери талкууланды жана ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетиндеги Иран таануу борборунун иш аракеттерин колдоо багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

3415 11:08 28-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|