Жанылыктар

Каармандар студенттер менен жолугушту

Бүгүн 4-апрель күнү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы каармандар менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

“Ак кеме” тасмасындагы Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев, “Жамиля” тасмасындагы Сейиттин образын жараткан Насирет Дубашов жана “Бетме-бет” фильминде Ысмайылдын ролун аткарган Бусурман Одракаевдер студенттерге тасма тартуу учурундагы кызыктуу окуяларды айтып жана суроолоруна жооп берищти.

Жолугушуу Ч. Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата өткөрүлдү.

3944 15:44 04-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|