Жанылыктар

Белгилүү режиссер Замир Эралиев студенттер менен жолугушту

Бүгүн 2-апрель күнү белгилүү режиссер, “Шайтандын мөөрү”, “Гүлсарат” көркөм фильмдеринин жана “Сүймөнкул Чокморов”, “Курманжан Датка” даректүү фильмдеринин режиссеру, Москванын Бүткүл союздук кинематография институтунун бүтүрүүчүсү, СССРдин эл артисти Сергей Герасимовдун режиссердук чеберчилик боюнча мектебинен тарбия алган режиссер Замир Эралиев менен Киноакадемиянын жана журналистика бөлүмүнүн студенттери жолугушту.

Жолугушууда Замир Эралиев студенттер менен өзүнүн режиссерлукка кеткен чыйыр жолу, басып өткөн кыйынчылыктары, топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Келечектеги режиссер болом деген студенттерге жана жаңыдан ачылган Киноакадемияга ийгилик каалады.

3404 17:06 02-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|