Жанылыктар

“Эң мыкты студент – мугалимдин көз карашында” аттуу видеоролик сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 28-март күнү “Адамдык мамилелерди өркүндөтүү” жылына карата университеттин Акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган “Эң мыкты студент – мугалимдин көз карашында” аттуу видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынак студенттин укук-милдеттерин чагылдыруу, алдыңкы адамдык мамилелерди көрсөтүү, студенттердин алдыга койгон максаттарын көрсөтүү максатында уюштурулду. Видеоролик сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо аземине ректораттын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер катышышты.

Сынакка түшкөн видеороликтер атайын калыстар тарабынан бааланды. Жыйынтыгында жобого ылайык мыкты роликтер тандалды. Биринчи орунду дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети ээлеп профсоюз уюму тарабынан уюлдук телефон, экинчи орунду индустриалдык-педагогикалык колледжи ээлеп велосипед, үчүнчү орунду математика жана информацилык технологиялар факультетинин студентттери ээлеп микролаб колонка жана дипломдор менен сыйланышты.

3686 23:37 28-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|