Жанылыктар

Эразмус+ долбооруна кирген Германия, Хорватия, Румыниянын университеттери жана Кыргызстандан 7 жогорку окуу жайларынын координаторлору ОшМУда жолукту

Германиядан Цвикад университетинин профессору Франк Гримм, координатору Күмүшай Арзыбаева, Румыниянын Клуж-Напока университетинен Симона Новеану, Чиприан Лапузан, Хорватиядан Амир Спахич, Дарко Гробар ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген долбоордун координаторлору Ош мамлекеттик университетине чогулушту.

Жыйында медициналык информатика жана биомедициналык инженерия багытында суроолорду талкуулап, саламаттыкты сактоодогу менеджментти өнүктүрүү, саламаттыкты сактоодогу информатика адистиги боюнча билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле ОшМУнун мугалимдерин долбоордун негизинде Германия, Харватия, Румыния өлкөлөрүнөн билимин жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Келген коноктор ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, кызматташуу маселери боюнча пикир алышышты.

Белгилей кетсек, Эразмус+ проектинин "Повышения высшего образования в области биоинженерии и менеджмента в здравохранении" долбоорунун негизинде ОшМУда саламаттыкты сактоодогу информатика адистиги ачылып, 11 студент 1-курсун аяктоо алдында турат. Долбоордун негизинде ОшМУда “Видеоконференцбайланыш залы” ачылып, 8 000 евролук медициналык информатика багытына байланыштуу техникалык каражаттар берилген.

3168 23:55 27-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|