Жанылыктар

Сент-Эндрюс университетинин профессору ОшМУда конок лекция окуду

Улуу Британиянын Сент-Эндрюс университетинин профессору, доктор Маттео Фумагалли ОшМУда конок лекция окуду. Профессордун “Орто Азиядагы коопсуздук маселеси” деген темадагы лекциясына ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары, магистранттары, студенттери катышышып, маанилүү маалыматтарга ээ болушту.

Иш сапардын алкагында профессор Маттео Фумагалли ОшМУнун жетекчилиги менен жолугушту. Жемиштүү жолугушууда ОшМУ менен Сент-Эндрюс университетинин кызматташтыгын арттыруу, конок лекцияларды уюштуруу, академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташуу тууралуу маселелер макулдашылды.

Кошумчала кетсек, Сент-Эндрюс университети 1413-жылы түзүлгөн.

3375 22:24 26-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|