Жанылыктар

ОшМУнун студенттери Сеул шаарында көктөм майрамын белгилешти

Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында билим алмашып жаткан Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттери Сеул шаарында нооруз майрамын белгилешти. Аталган иш чарада студенттер Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси менен таанышып, майрамдык иш чарага активдүү катышышты. Студенттер кыргыздын улуттук ыр-бийлерин аткарышып, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалашты. Ошондой эле нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк менен келген конокторду даам сыздырышты.

Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов учурда Түштүк Кореянын Сеул университетинде Бексултан Аматов, Бексок университетинде Аксана Боромбаева, Бегайым Нормирзаева, Нуржамал Аданбаева, Абдыкадыр кызы Жаркынай, Ханянг университетинде Эркинбек кызы Аймүрөк, Чонбук улуттук университетинде Аттокур кызы Аида, Жеңишбек кызы Жайнагул, Замирбек кызы Нускайым, Донг-А университетинде Матмуса уулу Сардарбектер билим алып жатышкандыгын белгиледи.

3240 21:16 26-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|