Жанылыктар

Токмоктогу Борбор Азия эл аралык университетинин ректору ОшМУда болду

Токмоктогу Борбор Азия эл аралык университетинин ректору Камила Шаршекеева жетектеген делегация Ош мамлекеттик университетинде болуп, ректор Каныбек Исаков менен жолугушту.

Жолугушууда ОшМУнун акыркы жылдардагы ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу сөз кылышты. Анда университеттеги жаңы моделдеги структуралар, алардын маани-маңызы, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү ролу, жыңычылдыгы, инновациялык табылгалары боюнча маалыматтар айтылды. Ошондой эле университет күн сайын алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлар менен байланышып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, меморандумдарга кол коюп, анын үстүндө талыкпай иштер жүрүп жаткандыгына токтолду жана учурда ОшМУ 30дан ашуун чет өлкөлөрдүн 172 университети менен академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып келе жаткандыгын жана ички мобилдүүлүктү чыңдап, жети дубандын студенттеринин билим алмашуусуна шарт түзүп берип жаткан “Ош декларациясы” боюнча иштер жогорку деңгээлде жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде делегациянын курамы ОшМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана университетте акыркы жылдарда ачылган жаңы структуралар, салынган окуу имараттары, жатаканалары менен таанышты.

2954 16:13 23-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|