Жанылыктар

Белгилүү түрколог Кадыралы Конкобаев магистранттар үчүн конок лекция өттү

Белгилүү түрколог, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин (мурдагы ОшПИ) филология факультетинин бүтүрүүчүсү Кадыралы Конкобаев бүгүн, 9-февралда кыргыз филологиясы жана журналистика, дүйнөлүк тилдер жана маданият жана эл аралык мамилелер факультетинин магистранттары үчүн “Кыргыз тилинин изилдениши” деген темада конок лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө окумуштуу кыргыз тилинин изилденишине байланышкан бир топ маселелерге токтолуп, теманын алкагындагы суроолорго жооп берди, ошондой эле өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУ өлкөбүздүн, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунан белгилүү окумуштуулардын келип, конок лекцияларды өтүп, тажрыйба бөлүшүп туруусуна өзгөчө көңүл буруп келет.

3851 16:58 09-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|