Жанылыктар

Студенттердин скульптура, живопись, композиция боюнча эмгектеринин көргөзмөсү тартууланды

Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм-сүрөт музейинде 20-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин чыгармачыл студенттеринин эмгектеринин көргөзмөсүнүн кызыл тасмасы кесилди.

Көргөзмөнүн ачылышына Оштогу сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы Кубаныч Мамараимов, Ноокаттагы көркөм сүрөт мектеп-интернатынын жетекчиси Иса Алимбеков жана башка бир топ белгилүү искусство адамдары, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошов, факультеттин профессордук окутуучулук курамы катышып куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Көргөзмөдө белгилүү скульптор Токтобай Жумагулов, сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти Мамыралы Эшбаев, профессор Тамара Кадырбаевалардын жетекчилиги астында даярдалган сүрөт чийүү жана эмгек адистигинин 2-курсунда билим алып жаткан Изо-1-16 тайпасынын скульптура, живопись, композиция боюнча эмгектеринин коюлду.

Аталган тайпада өтө чыгармачыл студенттер билим алышарын, бүгүнкү көргөзмөдө студенттердин сабак учурундагы жана сабактан сырткары чыгармачылык менен жасалган, тартылган эмгектери тартууланып жаткандыгын айткан окутуучулар, биздин максатыбыз студенттердин билимин өркүндөтүп, чыгарамчылык дараметине шык, стимул берүү болуп саналат дешти.

Өз кезегинде студенттер чыгармачылыктарына дем-күч берип, шыктандырып келе жактан окутуучулардын эмгектерине ыраазы экендиктерин айтышып, мындан ары да чыгармачылыктарын өркүндөтүшөөрүн белгилешти.

3830 10:35 21-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|