Жанылыктар

““Таза коом” Улуттук программасын ишке ашырууда санариптик технологияны колдонуу” аттуу илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 20-декабрь күнү Өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорунун алкагында ““Таза коом” Улуттук программасын ишке ашырууда санариптик технологияны колдонуу” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров, Ош шаарынын прокурору А. Момбекова жана Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик муниципалдык мекемелердин жетекчилери, жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын, мектептердин жетекчилери, ОшМУнун структураларынын башчылары жана жаш окумуштуулар катышты.

Конференция ОшМУда санариптик технологияларды колдонуу аркылуу аткарылган тажрыйбаны жана алынган натыйжаларды коомчулукка жеткирүү, “Таза коом” Улуттук программасын ишке ашырууда санариптик технологиянын ордун белгилөө зарылчылыгы жана аны кеңири жайылтуу, Ош шаарындагы мамлекеттик муниципалдык мекемелерге, мектептерге жана башка ишканаларга ОшМУнун адистери тарабынан санариптик технология менен байланышкан кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин жеткирүү макатында демилгеленип уюштурулду.

Конференциянын программасына ылайык санариптик технология жана аны колдонуу менен байланышкан 13 илимий доклад презентацияланып, талкууга алынды. Илимий докладдар конкреттүү ишканалардын мисалында ОшМУнун кызматкерлери тарабынан аткарылган санариптик технологиялык кызматтар жөнүндө болуп, алар кагаз алмашууну автоматташтырууга, сайттарды түзүүгө жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталды. Конференциянын программасындагы докладдар угулуп, талкууга алынгандан кийин, конференциянын катышуучулары санариптик технологиянын орду “Таза коом” Улуттук программасын ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилөө менен бир топ сунуштарды кабыл алышты. Анда өлкөбүздө “Таза коом” Улуттук программасынын алкагында жасалып жаткан иш-чаралардын арасынан Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлери тарабынан санариптик технологияны колдонуу менен байланышкан долбоорлору колдоого алынуусу жана алардын тажрыйбаларын, алган натыйжаларын коомчулукка жайылтуу зарылдыгы, Ош шаарында жайгашкан мекемелер, мектептер жана башка ишканалар ОшМУнун тиешелүү структуралары аркылуу санариптик технологияны колдонуу менен байланышкан тажрыйбаларды өз ара келишимдин негизинде ишке ашырылуусу, ОшМУ тарабынан санариптик технология менен байланышкан илимий иш-чараларды өткөрүү үзгүлтүксүз түрдө уюштурулуусу белгиленди.

Конференциянын катышуучулары уюштуруучуларга, баяндамачыларга жана ОшМУнун ректоратына ыраазычылык билдиришти.

“Бүгүнкү иш чарада Кыргыз Өкмөтү тарабынан сунуш кылынып жаткан санариптик технология, санариптик трансформация боюнча ОшМУда жасалып жаткан иштер көрсөтүлдү. Бул багыттагы иш аракеттерибизге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында күбө болуп кеткен. Ош мамлекеттик университети 2013-жылдан баштап электрондук башкаруу системасына өтүп, электрондук университетти түзгөнбүз. Бүгүн университетте кабыл алуудан баштап, университетти бүтүп кеткенге чейин, бүткөндөн кийин да биздин бүтүрүүчүлөр жөнүндө толук маалыматтардын базасы сакталган. Студенттерибиздин кыймылы, ийгилиги, кемчилиги ачык-айкын көрүнүп турат. Бүгүнкү иш чарада коомчулукка университет кандай жардам көрсөтө деген максатта уюштурдук. Анткени университет жаңы демилгелердин, жаңы ойлордун демилгечиси болушу керек. Эгер бул иштерди бүгүн жасабасак, эртең сөзсүз жасашыбыз керек болот. Дүйнөлөшүү процессинде Кыргызстанды алдыга чыгаруучу механизмдердин рычагдарын коомчулукка сунуш кыла беришибиз керек”, -деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

3331 15:21 20-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|