Жанылыктар

“Таза коом” Улуттук программасынын негизинде «KelechekBilim» мобилдик тиркемеси иштей баштады

Ош мамлекеттик университети “Таза коом” Улуттук программасынын негизинде «KelechekBilim» мобилдик тиркемени ишке киргизди. Окуу процессинин айрым аспектилерин автоматташтырууга мүмкүндүк берген бул «KelBil” тиркемесининин жардамында студенттер жана окутуучулар ыкчам түрдө окуу процессине тиешелүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

“Биринчиден тиркемени пайдалануу менен студенттер факультеттеги окуу жадыбалын, окуудагы жетишүүсүн, келишимдик төлөмдөрү тууралуу маалыматтарды көрө алышат. Экинчиден окутуучулар тиркеме аркылуу жадыбалды көрүп, студенттерди электрондук жоктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми үчүнчүдөн факультеттердеги деканаттын кызматкерлери окутуучулардын жана студенттердин катышуусун, журналдардын толтурулуу статистикасын, модулдардын киргизилишин көзөмөлдөө, факультеттеги жарыялай турган жаңы маалыматтарды жекирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эң негизгиси төртүнчүдөн студентердин ата-энелери тиркеменин жардамында балдарынын жетишүүсүн тескөө, окуу процесси жөнүндө маалыматтарды алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми тиркемеге кирүү үчүн студенттер университет тарабынан берилген жеке логин, паролдору менен киришет”, деди ОшМУнун AVN информациялык системасы боюнча жетектөөчү адиси Таалай Ибраимов.

“KelBil” тиркемесин колдонуу эрежесине ылайык ар бир колдонуучу мобилдик тиркемени Play Marketтен көчүрүп алгандан кийин “мен студент”, “мен окутуучу” деген терезе ачылат. Студент “мен студент” деген бөлүктү тандап, өзүнүн логинин, жана сыр сөзүн жазып кирет. Андан соң экранда колдонуучу жөнүндө маалымат базасы ачылат.

Учурда тиркемени жакшыртуу жана кошумча мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Тиркемени учурда жалпысынан 10 000ден ашуун колдонуучу көчүрүп, колдонуп жатат.

3589 14:58 19-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|