Жанылыктар

“Дени сак эл” ассоциациясы калктын саламаттыгына кайдыгер эмес

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн “Дени сак эл” ассоциациясы учурда калк аралап кайрымдуулук иштерди жасап, элдин ден соолугун чыңдоо, алдын-алуу багытындагы иштерди байма-бай жасап келет.

Учурда “Дени сак эл” ассоциациясынын курамында ОшМУнун медицина факультетин аяктаган, Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы түрдүү медициналык мекемелерде үзүрлүү эмгектенип келе жаткан 22 адистик боюнча 70тен ашуун дарыгерлер, медайымдар эмгектенүүдө. 2017-жылдын 14-апрелинде атайын катоодон өткөн ассоциациясына мүчө болгон 28 дарыгер алгач Өзгөн районунун Ак-Жар айылында 1427 жаранды профилактикалык медициналык кароодон өткөрүшкөн. Ушул жылдын 13-14-май күндөрү Кочкор-Ата шаарынын 2517 тургунун, 10-11-июнда 40дан ашуун дарыгер Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында болуп 2768 жаранды, 5-августта Ош шаарында жайгашкан “Боорукердик” үйүндөгү 29 улгайган адамдарды, 33 жаш бөбөктөрдү кароодан өткөрүп керектүү багыттамалар берилген. 9-10-сентябрда Салам-Алик айыл өкмөтүнүн чакыруусу менен 36 дарыгер барып 1427 адамды медициналык кароодон өткөрүшсө, 30-октябрда Кара-Суу районундагы дүлөйлөр жатак мектебинде 177 өспүрүмдү текшерүүдөн өткөрүп, дары-дармектер менен камсыздашкан. 11-12- ноябрда Чоң-Алай районунун табият кырсыгы болгон Жекенди, Дароот-Коргон айыл аймагында 2785 адамга медициналык жардамдар берилген. 2-3-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүндө 2817 жаранды медициналык кароодон өткөрүшкөн. Бул иш чараларда дасыккан дарыгерлер өздөрү менен кошо атайын көчөмө аппараттар, дары –дармектер менен барып, айрым айыл тургундарын үйлөрүндө көрүшкөн. Ошондой эле дарыланууга муктаж инсандарды ооруканаларда дарылануусуна шарт жаратып беришкен.

“Биз алгач ишибизди айыл элинин ден соолугуна кам көрүү, саламаттыгын чыңдоо максатында баштаганбыз. Ассоциация алгач Өзгөн районунун Ак-Жар айылына барып айыл элин кароодон өткөрүп, кеп-кеңешибизди айтып, көрсөтмө берип, айрымдарын ооруканага жөнөттүк. Айыл тургундары ыраазы болуп, батасын беришти. Ошол ишибизде бизди колдоп Ош облустук көп тармактык бириккен клиникалык ооруканасынын 1-хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Курманбек Исмаилов, 2-хирургия бөлүмүнүн дарыгери, хирургия кафедрасынын башчысы Азамат Абдиев, ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин акушердик гинекология кафедрасынын башчысы Гулбара Ташиевалар баш болгон мыкты дарыгерлер колдоп барышкан. Ошондой эле Ош облустук Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов, медицина факультетинин профессору Жолборс Жээнбаевдер тарабынан колдоого алынып келет. Бизге учурда атайын кайрылгандардын саны күн сайын көбөйүүдө, биз алардын сунушун колдоп, ишибизди улантып келе жатабыз. Ассоциацияны дени сак элдин саламаттыгын ойлогон дарыгерлер толукталып келе жатат”,-деди ассоциациянын жетекчиси, ОшМУнун бүтүрүүчүсү, Медицина факультетинин окутуучусу Максатбек Жумабаев.

Белгилей кетсек, ассоциация эч жактан каржыланбайт. Анда тармактардагы адис дарыгерлер ыктыярчылык менен гана алектенип, элдин ден-соолугун акысыз текшерип, кеп-кеңештерди берип келишет. Буга чейин алар каражат топтоп, социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан адамдардын операциясын көтөрүп берип да келишкен. Айта кетчү жагдай, бул ассоциацияга мүчө дарыгерлер жумушуна тоскоол болбой, дем алыш күндөрү, өздөрүнүн каражаттарына облустун алыскы аймактарына чейин барып иштеп келишет.

Ушул жылдын 22 –декабрында ОУДТда кайрымдуулук марафонун уюштуруп жатышат.

4579 11:20 19-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|