Университеттин жамааты Алтынай Мамарасул кызын 11-декабрь күнү Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышып, жеңиши менен куттуктады.
«Европанын кубогуна Европа, Азиядан 15тен ашуун мамлекеттин балбандары катышты. Мен 70 кг салмакта алыш белбөө күрөшү боюнча мелдешке катышып, финалдык беттеште Польшалык балбан менен таймашып, жеңишке жетиштим. Албетте, ар бир жеңиш үчүн күрөш тынымсыз машыгууну талап кылат. Жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн бардык күч аракетимди жумшадым», -деди Алтынай.
Белгилей кетсек, Алтынай 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. Алтынай эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери. Ошондой эле 2016-жылы Беларусиянын Минск шаарында өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалдарга да ээ болгон.
Анын эмгегин баалаган ОшМУнун жетекчилиги октябрь айында салтантуу жыйын өткөрүп, келишимдик акыдын толук бошотулгандыгын айтып, андан сырткары университеттин атынан 25 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырган.