“Өлкөбүздүн түрдүү региондорунан келген студенттер университеттин инфраструктурасы, музейи, дистанттык борбору, окуу корпустары, бардык факультеттери, китепканалары, лабораториялары менен жакындан таанышып, Ош шаарынын кооз жайларына да саякат жасатты. Саякаттын алкагында студенттерге Кыргыз-Кытай факультетинде сый тамак уюштурулуп берилди.
Конок студенттерибизге экскурсияны уюштурууга университеттин жетекчилиги, жаштар комитети колдоо көрсөттү”,-деди эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев.