Тренингдин негизги максаты болуп илимий изилдөөчүлөрдүн академиялык жазуусун (тезис, макала, официалдуу кат) жана ар кандай аудиторияларда интерактивдик иш аракеттерди алып баруусун күчөтүү болуп саналат.
Базар экономика шартында атаандаштык негизги маселелердин бири болгондуктан, университеттин изилдөөчүлөрүндө эл аралык аренага чыгууга зарылчылык пайда болду.
Эл аралык баарлашуунун талаптарынын бири илимий макалаларды белгилүү журналдарда басмадан чыгаруу, эл аралык конференцияларда баяндама жасоо, ар кандай проекттерге катышуу жана эл аралык университеттер менен заманбап мамилелерди куруу болуп эсептелет.
Тренингге Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынан 25 илимий изилдөөчүүлөр катышышат. Тренингдин катышуучулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жана баяндамаларынын сапаттын жогорулатканга мүмкүнчүлүк ала алышат.
Казакстандагы Британия консульствосунун төрагасы Джим Батери мындай деген: «Бул Британиянын жогорку билимди жогоруулатуу боюнча Орто Азия чөлкөмүндөгү (Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан) жаңы алты айлык инвестициянын бир бөлүгү. Мындай иш аракеттер изилдөөлөрдүн эффективдуулүгүн жогорулатуу менен бирге келечектеги замандын талаптарына жооп берген илимий кызматкерлерди даярдайт.
Бул адистер келечекте Британия мамлекетинин университеттери менен жаңы мамилелерди курууда күчтүү партнерлордон болушат».
Байланыш үчүн маалымат:
ОшМУ: oshsu.oms@gmail.com
British Council: communication@kz.britishcouncil.org