Жанылыктар

УрМПУда өткөн дистанттык эл аралык олимпиадада ОшМУнун студенттери байгелүү орундарды алышты

Екaтеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан ноябрь айында элементардык жана жогорку математика боюнча дистанттык эл аралык олимпиада уюштурулган. Аталган олимпиадага Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин «ОшМУ» аттуу командасы да дистанттык түрдө катышып байгелүү орундарга ээ болушту.

Дистанттык эл аралык олимпиадада колдонмо математика жана информатика адистигинин 2 студенти Муса уулу Нур-Эгемберди жана Жолдошбаев Мирлан жогорку математика боюнча II орунду алышып, Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин Ардак грамотасына ээ болушса, элементардык математика боюнча катышкан Муса уулу Нур-Эгемберди жана Жолдошбаев Мирлан, Эркинбек кызы Тансулуу, Адилжанова Сурае, Кубанычбек кызы Жумагүл, Расулбек кызы Жанаргүл активдүү катышкандыгы үчүн УрМПУнун диплому менен сыйланышты.

Аталган студенттер олимпиадага МИТ факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары ф.-м.и.к., доцент Нургуль Беделованын уюштуруусунда, информатика кафедрасынын профессору Дилмурат Турсуновдун жетекчилигинде катышышты.

3458 12:12 01-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|