Жанылыктар

Алгачкы студенттерин кабыл алган Кыргыз-Европа факультети студенттикке кабыл алуу аземин өткөрдү

18-ноябрда Студенттердин эл аралык күнүн улай Кыргыз-Европа факультетинде 1-курстарды студенттикке кабыл алуу аземи болуп өттү.

Кечеге факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышышты.

Салтанаттын жүрүшүндө факультеттин деканы Мараш-Оглы Ш.В. факультеттин ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасап, алдыдагы милдеттер боюнча маалымат берди.

Университеттин ректору Каныбек Исаков Испаниянын Кадис университети менен биргеликте ачылган Кыргыз-Европа факультетинин максаты боюнча айтып өттү. Ошондой эле аталган факультет европалык билим берүү моделдерин колдонуу менен студенттердин Европалык алдыңкы университеттерден билимин улантуусуна, Европалык Союздун билим берүү тармагындагы ийгиликтүү гранттык программаларына катышууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалап, студенттерге куттуктоо сөзүн жолдоп билим ачкычын, окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул студенттерге зачеттук китепчелерди тапшырды.

Салтанаттуу азем концерттик программалар менен коштолду.

3147 15:07 20-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|