Жанылыктар

ОшМУнун 15 профессору КЭРдин Үрүмчү-Пекин шаарларындагы ЖОЖдордо тажрыйба алмашып келишти

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков башында турган делегация ноябрь айынын башында бир жума аралыгында Кытай Эл Республикасынын Урүмчү-Пекин шаарларында иш сапары менен болуп келишти.

Делегациянын курамында ОшМУнун түрдүү факультеттеринде үзүрлүү эмгектенип жатышкан 15 профессорлору кирген. Делегация ректордун жетекчилигинде КЭРдин Пекин шаарында болушуп Пекин Чет Тилдер университетинде жана Цинхуа университетинде өткөрүлгөн жолугушууларга катышып, университеттин базалары менен таанышып, ар бири өз багыттары боюнча тажрыйба алмашып келишти. Ошондой эле иш сапардын алкагында Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде болушуп, түрдүү маданий-массалык иш чараларга катышып, кытайдын маданиятын, үрп-адатын чагылдырган тарыхый жайлары менен таанышышты.

Бул багыттагы иш сапарлар 5 жылдан бери уюштурулуп, анда профессорлор, окутуучулардан турган делегациялар чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында болушуп, тажрыйба бөлүшүп, билим берүү системасы, маданияты, тарыхы менен жакындан таанышып, билим берүүнү жуурулуштуруп келишет.

Белгилей кетсек, 2015-2016-окуу жылында да ОшМУда эмгектенген ардагер 15 профессор Үрүмчү-Шанхай шаарларында болушуп, бир топ университеттеринде кызматташуу алкагында жолугушууларды өткөрүп келишкен. Ал эми окутуучулар, студенттер академиялык мобилдүүлүк багытындагы түрдүү программалардын негизинде жыл бою тынымсыз тажрыйба алмашып келүүдө.

4433 09:42 10-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|