Жанылыктар

«EdNet» аккредитациялык агенттигинин өкүлдөрү тарабынан ОшМУда 2 күндүк семинар уюштурулду

Билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдиги боюнча «EdNet» аккредитациялык агенттигинин аткаруучу директору Оңолкан Уманкулова жана Нурлан Омуров Ош мамлекеттик университетинде 1-2-ноябрь күндөрү семинар уюштурушту.

Семинар ЖОЖдордун өкүлдөрүн өздүк баалоону уюштуруу, өздүк баалоо боюнча көз карандысыз акккредитацияга отчет даярдоо максатын камтыды.

Аталган семинардын биринчи күнү эксперттерди даярдоо багытында уюштурулуп 44 окутуучу катышса, экинчи күнү өздүк баалоо багытындагы семинарга 22 катышуучу катышышты. Ошондой эле ОшМУнун Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинен 10 адис катышып, тиешелүү маалыматтарга ээ болушту.

Кошумчалай кетсек, учурда ОшМУнун профессордук окутуучулук курамынан “EdNet” аккредидациялык агенттигинин сертификатына ээ болгон 8 эксперти бир.

4102 09:07 10-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|