Жанылыктар

Кадис университети менен кызматташтыктар артып жатат

Ош мамлекеттик университети менен Испаниянын Кадис университетинин кызматташтыгынын алкагында 22-26-май күндөрү ОшМУнун орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы Дамира Асанова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Нуржамал Шеранова Эразмус+ программасы боюнча тажрыйба алмашып келишти.

Дамира Асанова Кадис университетинде студенттерге Кыргызстан, сыймыктуу жазуубуз Чынгыз Айтматов жана анын чыгырмачылыгы жөнүндө театрлаштырылган сабак өтүп, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ал эми Нуржамал Шеранова административдик бөлүм тарабынан Кадис университетинин эл аралык байланыштар департаментинде болуп, департаменттин структурасы менен жакындан таанышып, турмушка ашып жаткан бир топ эл аралык программалар жана академиялык мобилдүүлүк жүргүзүү системасы менен таанышып, үйрөнүп келди.

Нуржамал Шеранованын маалыматына караганда Кадис университети Эразмус+ КА 107 программасына өзгөчө көңүл буруп, дүйнөнүн 2000ден ашуун университеттери менен кызматташап жана жылына 400гө жакын студенттерди аталган программа аркылуу жөнөтүшсө, мындан сырткары бир топ башка мобилдүүлүк программалары аркылуу да 100дөгөн окутуучуларды, студенттерди алмашып окутуп турушат.

Белгилей кетсек, ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен Эразмус + программасынын алкагында кызматташып келет. Аталган университеттин чакыруусу менен апрель айында иш сапарда болуп келген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков бир топ алгылыктуу сүйлөшүүлөргө жетишип, учурда эки университеттин ортосунда Кыргыз-Европа факультети түзүлүп, бир топ адистиктер ачылып жатат.

5117 10:48 06-06-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|