Жанылыктар

Демилгелүү студенттер «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнөн кабар алышты

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин ИСТ(б)-2-16 тайпасынын студенттери мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Ж.Айтибаеванын жетекчилиги менен шаарыбыздагы «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнө өз демилгелери менен жардам берип кайтышты.

Анда студенттер үй-бөлөлүк балдар үйүнүн бүгүнкү күндөгү абалы, андагы балдардын жашоо-турмушу менен таанышты. Бир күндүк убактыларын алар менен өткөрүшүп, алып барган белектерин беришип, балдар короо жумуштарына, кыздар үй иштерине жардам берип, аз да болсо көнүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылышты.

Үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси Тамара Токмаметова студенттерге ыраазычылыгын билдирди. Аталган тайпанын студенттери мындан ары да жардам берүүнү улантарын айтышты.

4123 10:52 26-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|